АРИТМИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:57, 17 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРИТМИЯ (а... ж-a гр. rhythmos – ыргак) – жүрөктүн согуу ыргагынын бузулушу. А-да жүрөктүн кагышынын өтө тез (тахикардия) же жай (брадикардия) согушу сезилет. Ага жүрөк оорулары (миокардит, кардиосклероз), нервдин жүрөктү башкаруу ишинин бузулушу ж. б. се­беп болушу мүмкүн. Балдардын, өспүрүмдөрдүн жүрөгүнүн тез-тез кагышы алардын организминин өсүшүнө байланыштуу физиол. өзгөрүү болуп эсептелет. Айрым учурда А. кан айлануунун бузулушуна, жагымсыз сезүү, баш айлануу ж. б. алып келет, кээде оорулууга сезилбейт. Ага себепчи болгон негизги ооруларды дарылап, жүрөктүн бир калынта согушун калыбына келтирүү керек.�к.