АРИСТОФАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:34, 15 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРИСТОФАН (б. з. ч. 446–385-жылдар ченде, Греция) – байыркы грек драматургу, акын-комедиограф, «комедиянын атасы». Аристофан жөнүндө маалымат өтө аз. Ахарняндыктар» (425), «Атчандар» (424), «Аарылар» (422), «Тынчтык» (421), «Куштар» (414), «Фесмофорий майрамындагы аялдар», «Бакалар» (405), «Аялдар эл жыйынында» (392), «Плутос» (388) деген комедиялары сакталып калган. Аларда доор курч коюп жаткан маселелер ачык көрсөтүлүп, социалдык теңсиздик ашкереленген, эл таламында болгон, аларга жакшы каалоо-тилектерин билдирген. Ал комедияларында маанилүү окуяларга кайрылып, согуш саясатына каршы чыккан («Лисистрата»), реалдуу инсанды жемелеп («Булуттарда» Сократты), фантастикалык кырдаалдар чагылдырылган. Аристофандын комедияларын Э. Роттердамский, Г. Фильдинг, Н. В. Гоголь, В. Г. Белинский, сынчы А. В. Лу­начарский ж. б. жогору баалаган.