АРИСТОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:53, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРИСТОН, П р е с т е а – Батыш Африкадагы алтындын ири кени. Гана мамлекетинин Престеа шаарынан 12 км түндүк-чыгыш тарапта. 1895-ж. ачылган, 1902–2000-ж. чейин иштетилген, 2003-жылдан жер астынан казылып алынууда. Кал­ган запасы 1100 т, кенташтагысы 2,36–3,3 г/т. Төмөнкү протерозойдогу көмүртектүү филлиттерде топтолгон кен көмүртектүү кумдук-сланецтүү формацияга геологиялык өнөр жайлык типтеги кендерге кирет. Негизги кенташ минералдары: пирит, арсе­нопирит, халькопирит, пирротин. Алтын бүртүкчөлөрү боз кварцтын тарамдарында жана тарамчаларында, майдасы – арсенопириттин бүртүкчөлөрүндө ж. б. кездешет.