АРИСТОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:18, 30 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРИСТОН, Престеа – Батыш Африкадагы алтындын ири кени. Гана мамлекетинин Престеа ш-нан 12 км түн.-чыгыш тарапта. 1895-ж. ачылган, 1902-2000-ж. чейин иштетилген, 2003-жылдан жер астынан казып казылып алынууда. Кал­ган запасы 1100 т, кенташтагысы 2,36-3,3 г/г. Төмөнкү протерозойдогу көмүртектүү филлиттерде топтолгон кен көмүртектүү кумдук-сланецтүү формацияга геол. өнөр жайлык типтеги кендерге кирет. Негизги кенташ минералдары: пирит, арсе�е­нопирит, халькопирит, пирротин. Алтын бүртүкчөлөрү боз кварцтын тарамдарында ж-а тарамчаларында, майдасы – арсенопириттин бүртүкчөлөрүндө ж. б. кездешет.