АРИДДИК КЛИМАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– абанын темп-расы жогору ж-а жаан-чачын аз жааган кургак климат.

Мында аба темп-расынын суткалык ж-а жыл­дык өзгөрүүсү кескин, жаан-чачын жок же өтө аз (жылына 100–150 мм) болот. Жылдык орт. нымдуулук коэфф. 30% ти түзөт. Сутка ичинде темп-ранын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу жер кыртышындагы чулу тоо тектер талкаланып, кумга айланат. А. к. негизинен тропиктик ж-а субтропиктик алкактарга (Сахара, Араб ж. а-дагы чөлдөргө, Австралияга, о. эле Түн. ж-а Түш. Американын, Борб. ж-а О. Азиянын чөлдөрүнө) мүнөздүү.