АРИД ӨСҮМДҮКТӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(лат. aridus – кургак) –

ным жетишсиз аймакта (чөл, жарым чөл) өсүүгө ылайыкташкан өсүмдүктөр. Алар аба темп-расы суткалык ж-а жылдык кескин өзгөргөн, жаанчачын жаабаган же өтө аз жааган шартта өсөт. Негизинен тропик ж-а субтропик алкактарда кеңири таралган. Ксерофиттер ж-а галофит- тер кургакчылыкка өтө чыдамдуу. Физиол. байырлануунун негизинде транспирация', азыктануу, фотосинтез, дем алуу ж.б. физиол. процесстер өзгөрөт. Тез ысып кеткенде өсүмдүктүн субмикроскопиялык структурасы акырындап бузулуп, узакка созулган ысыкта белогу да бузулат. Өсүмдүктө анат. ж-а морфол. өзгөрүштөр (жалбырактын кичирейиши, түктүүлүк, мом катмары ж. б.), байкалат. Көпчүлүк өсүмдүктөр­дүн уругу да ысыкка чыдамдуу келет. А. ө-нүн ар кандай байырлануу жолдору маданий өсүмдүк сортторун чыгарууда селекцияда пайдаланылат.
Ад.: Вент Ф. В мире растений. Пер. с англ. М., 1977; Жизнь растений, Т 1-2. М., 1976.