АРИД РЕЛЬЕФИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– рельеф пайда кылуучу процесстердин таасири астында чөл, жарым чөлдөрдө

ж-а кургак талааларда калыптанган рельефтин тиби. Ал шамалдын (дефляция, эол-аккумуляциялык), чөл үбөлөнүүсүнүн, убактылуу курул­ган агын суулардын эрозиясынын аракетинен түзүлөт. Дөңсөө, плато, тоо этеги ж-а тоолорго ариддик денудация ж-а эрозиядан пайда бол­гон рельефтин (педименттер, бедлендцер, каксоо жерлер) формалары, ал эми түздүктөр м-н ойдуңдарга таштуу чөлдөрдүн түрдүү типтери, эол рельефтүү (бархандар, кум дөбөлөрү ж. б.), шортоң жерлүү ж-а көлдүү чуңкурчактар, такырлар мүнөздүү.