АРИАНЧЫЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:56, 15 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРИАНЧЫЛЫК– александриялык поп Арий тарабынан негизделген христиандык диний окуу. Ал (318-жыл чен) расмий түрдө чиркөө жоболоруна каршы чыккан. Кудай уулу Христос Кудай атадан жаралгандыктан, ал түбөлүктүү эмес жана акылмандуулугу боюнча Кудай атага салыштырганда экинчи даражада турат деп далилдеген. Анын тарапкерлери көп болсо да, чиркөө тарабынан көп кысымчылыкка, куугунтуктоого дуушар болгон. Ошондой болсо да Арианчылыктын дин окуусу христиан дининде (к. Троица) кудай ата, кудай уулу жана кудай ыйык рух, периште жөнүндөгү догматтын чыгышына алып келди.
М. Абдылдаев.