АРЕНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:15, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЕНА (лат. арена, сөзмө сөз – кум) – Ба­йыркы Римде оюн көрсөтүү үчүн амфитеатрдын ортосундагы кум төшөлгөн аянтча. Жырткыч айбандар менен гладиаторлорду (кул же согуш туткундарын) кармаштыруу үчүн пайдаланылган. Арена менен көрүүчүлөрдүн ортосуна суу толтурулган чуңкур же атайын тосмолор жасалган; спорттук мелдештер өтүүчү көрүүчүлөр үчүн атайын жасалгаланган орундары бар жай. Анда футбол талаасы, чуркоо жолу, секирүү, ыргытуу жайы үчүн секторлору болот. Волейбол, бас­кетбол аянтчалары да аренага кирет.