АРЕНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:19, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(лат. арена, сөзмө сөз – кум) – 1) Ба­йыркы Римде оюн көрсөтүү үчүн амфитеатрдын

ортосундагы кум төшөлгөн аянтча. Жырткыч айбандар м-н гладиаторлорду (кул же согуш туткундарын) кармаштыруу үчүн пайдаланылган. А. м-н көрүүчүлөрдүн ортосуна суу толтурулган чуңкур же атайын тосмолор жасалган;
спорттук мелдештер өтүүчү көрүүчүлөр үчүн атайын жасалгаланган орундары бар жай. Анда футбол талаасы, чуркоо жолу, секирүү, ыргытуу жайы үчүн секторлору болот. Волейбол, бас­кетбол аянтчалары да А-га кирет.