АРЕАЛДЫК ЛИНГВИСТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
, аймактык

лингвистика – тил илиминин тилдик фактыларды лингв, география методу аркылуу аймактык ж-а тил аралык мейкиндиктин негизинде изилдөөчү бөлүмү. Тилдин карым-катышын изилдөөдө диалектилик фактыларды бүтүн камтуусу м-н айырмаланат. Тилдин аймактык өзгөчөлөнүшүн тактоо м-н изоглосстук интерпретацияны аныктоо анын негизги милдети болуп саналат. Натыйжада, диалектилердин ареалдык карым-катышы, тилдик ж-а ареалдык жайланышы, таралышы, байланышы такталат.