АРГЫН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:24, 23 Сентябрь (Аяк оона) 2025 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРГЫН, гибрид (лат. hybrida – аргын, чалыш) – өсүмдүк сортторун чаңдаштыруудан жана малдын түрдүү породаларын аргындаштыруудан алынган түр. Алынган аргындын көп касиети тукум кууп, чөйрө шарттарына жакшы ыңгайлангандыктан өсүмдүктүн түшүмдүүлүгү, малдын кунардуулугу, тукумчулдугу кыйла жогорулайт. Аргындан баалуу жаңы сорттор, породалар чыгарылат, к. Аргындаштыруу.