АРГОНАВТТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:36, 30 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРГОНАВТТАР (гр., Arqonautai, от Arqo-кеменин аталышы ж-а nautes – деңизде сүзүүчүлөр) – байыркы грек мифтериндеги Колхидада ажыдаардын кайтаруусунда турган сыйкырдуу койдун алтын жүндүү терисин алып келүүгө аттанган легендарлуу баатырлар. Ясон (Иолктук) баштаган баатырлар терини алып келүү үчүн «Арго» кемесинде сапар тартышкан (ушундан улам А. аталган). Көптөгөн кыйынчылыктар м-н коштолгон укмуштуу окуяларды баштарынан өткөрүшүп, акыры алар сыйкырчы Медеянын жардамы м-н ажыдаарды уктатып, алтын териге ээ болушат да, аны Грекияга алып келишет. А. ж-дөгү миф гректердин дүйнөнүн белгисиз аймактарын таанып-билүүгө умтулуусун ж-а алардын байыркы мезгилдердеги Кара деңиздин жээктерине жасаган деңиз саякаттарынын тарыхын чагылдырат.