АРГО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:17, 28 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРГО... (фр. argot) – социалдык топтун жалпы улуттук тилден айырмаланган өзгөчө кесиптик тили; жаргон м-н окшош. Негизги максаты - коммуникация предметин коомдук чөйрөдөн өзгөчөлөнтүп, шөкөттөп, жашырып берүү. Арго термин катары көбүнчө тар мааниде колдонулуп, кылмыш чөйрөсүндөгү элементтердин баарлашуу ыкмасы катары каралат. Арго өзгөчө грамматикалык түзүлүшкө ээ эмес, лексикалык курамы б-ча айырмаланса да, жалпы тилдик мыйзамдарга баш иет.ет.