АРАШАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:16, 30 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАШАН– Чүй обл-нун Аламүдүн р-ндагы кыштак. Арашан айыл округунун борбору. Аламүдүн суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 1200 м бийиктикте жайгашкан. Райондун бор­бору Лебединовка кыш-нан ж-а Аламүдүн темир жол бекетинен 27 км түш. тарапта, 1924-ж. отурукташкан. Калкы 3799 (2009); мал чарбасында, дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мек�­теп, бала бакча, оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, мад-т үйү, турмуш тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, жазуучулардын «Арашан» эс алуу үйү бар..