АРАМЗА ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– Суусамыр тоосунун түн. тармагы. Арамза ж-а Суусамыр сууларынын аралыгында кеңдик багытта 34-36 кмге созулуп

жатат. Туурасы 7-9 км. Орт. бийикт. 3300- 3600 м, эң бийик жери 3892 м. Кыры аска-зоокалуу, мөңгүлөр жокко эсе. Капталдары жантайыңкы, кокту-колот, өрөөндүү. Тоонун бийик бөлүгү ордовиктин гранит интрузияларынан, Суусамыр өрөөнүнө караган жапыз бөлүгү палеоген м-н неогендин конгломерат, кумдук, алевролит, чопо, мергель тектеринен турат. Талая ж-а шалбая (2800-3000 жге чейин), андан жогору альп шалбаясы, субниваль ж-а ниваль ландшафттары басымдуу. Жайыт.