АРАМЕЙ ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:03, 13 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАМЕЙ ТИЛИ – семит тилдеринин тобуна кирген тилдердин бири. Бул тилдеги байыркы жазма эстеликтер б. з. ч. 9-10-кылымдарга таандык. Байыркы мекени – Сирия жана Месопотамиядан Жакынкы Чыгышка таралып, ал жердеги финикия, еврей, моавит, аккад тилдерин сүрүп чыгарган. Арамей тилиндеги адабияттын дээрлик көпчүлүгү диний мазмунда (мисалы, Библия жана Талмуддун айрым бөлүмдөрү) болгон. Арамей тили арабдар басып алгандан кийин колдонулбай калган. Ал азыр батыш (малула), борбордук (турайо) жана чыгыш (ассирия) диалектилерине бөлүнөт.