АРАЛЫК АНЫКТАГЫЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– аралыкты ченебестен эле аныктоочу аспап. Ал аралыкты опти-


канын жардамы м-н авто-
маттык түрдө жогорку тактыкта көрсөтөт. Оптикалык А. а. м-н аралыкты аныктоо бир жагы (АВ) белгилүү болгон (к. чийме) тең капталдуу үч бурчтук-
тун (ABC) бийиктигин табуу маселесине негизделген

Файл:АРАЛЫК АНЫКТАГЫЧ 39.png

. Ал артиллерияда, фотоаппараттар­да ж-а геодезияда колдонулат. Аралыкты ра­дио ж-а жарык толкундарынын таралыш ылдамдыгы б-ча да аныктоого болот. Бул куралдар радиолук ж-а жарыктык А. а. деп аталат. Алар астрономияда, геодезияда (триангуляцияда ж. б.) пайдаланылат.