АРАЛ кыштагы Талас району

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:08, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛ – Талас районундагы кыштак. Арал айыл округунун борбору. Райондун борбору Көк-Ой кыштагынан 55 км чыгыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 150 км аралыкта жайгашкан. 1929-ж. орношкон. Деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте. Калкы 3780 (2009); негизи­нен мал чарбасы жана дыйканчылыкта эмгекте­нет. Эки орто мектеп, дарыкана, амбулатория, клуб, 2 китепкана, турмуш-тиричилик комбина­тынын бөлүмдөрү бар.