АРАЛ кыштагы Сокулук району

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:13, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛ – Чүй облусунун Сокулук районундагы эки кыш­так. Крупская айыл округуна караштуу. Ч е т к и А р а л райондун борбору Сокулук кыштагынан 7 км түндүк-батыш тарапта. Шопоков темир жол бекетинен 9 км. Деңиз деңгээлинен 700 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1323 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Ж а к ы н к ы А р а л райондун борбору Сокулук кыштагынан 4 км түндүк тарапта, Шопоков темир жол бекетинен 6 км. Калкы 1064 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Негизги мектеп бар.