АРАЛ кыштагы (Сузак)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:21, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Begay (Begay moved page АРАЛ 3 to АРАЛ кыштагы Сузак) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАЛ– Жалал-Абад обл-нун Сузак р-ндагы кыштак. Кара-Дарыя айыл аймагынын борбо­ру. Райондун борбору Сузак кыш-нан 28 км ба­тыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 36 км. Деңиз деңг. 630 м бийиктикте. Кал­кы 4451 (2009); негизинен дыйканчылыкта эм­гектенет. Эки орто мектеп, бала бакча, ФАП, мад-т үйү, клуб, китепкана, оорукана, байла­ныш түйүнү, тех. сервис, базар бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.