АРАГОНИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(Испаниядагы Арагон деген жердин атынан) – карбонаттар классындагы минерал. Хим. формуласы Са[С03]. Ромб сингониясында кристаллданат. Жер бетиндеги геол. тышкы

процесстерге туруксуз келип, кальцит минералына өтүп кетет. Өңү түссүз ак, кээде ачык жа­шыл, кызгылтым көк. Айнек сымал жалтырак.Катуулугу Моос шкаласы б-ча 3,5-4. С. салмагы 2,95. Интрузия тоо тектеринин минералдарында ж-а минералдуу арашан сууларынын чөкмөлөрүндө кезигет. Өңү кубулган берметтер м-н акактардын көпчүлүк бөлүгү А. турат.