АРАГАЦ ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:56, 28 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАГАЦ ЧОКУСУ (түрк тилдеринде – Арагёз) – Армян тайпак тоосунун эң бийик жери, Армениянын аймагында. Бийиктиги 4090 м. Кратери мөңгү циркине айланган өчкөн жанар тоо. Чакан мөңгүлөрү бар. Тоолуу жайыт. Түштүк капталында Бюрокан астрофизика обсерваториясы жайгашкан. Орто кылымдагы Анберд чебинин калдыгы бар.