АРАГАЦ ЧОКУСУ
АРАГАЦ ЧОКУСУ (түрк тилдеринде – Арагёз) – Армян тайпак тоосунун эң бийик жери, Армениянын аймагында. Бийикт. 4090 м. Кратери мөңгү циркине айланган өчкөн жанар тоо. Чакан мөңгүлөрү бар. Тоолуу жайыт. Түш. капталында Бюрокан астрофизика обсерваториясы жайгашкан. О. кылымдагы Анберд чебинин калдыгы бар.