АРАВАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:09, 5 Июнь (Кулжа) 2022 карата 433-496>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(ар. арабан – арабдар отурукташкан

жер деген мааниде; фарсыча абураван, абу – суу, раван – тунук суу) – Ош обл-ндагы кыштак. Араван р-нун борбору. Алля Анаров атн. айыл аймагына караштуу Ош ш-нан 30 км батыш тарапта, Араван-Сай суусунун боюнда, деңиз деңг. 960 м бийиктикте жайгашкан. 1870-ж. чейин отурукташкан. Калкы 8412 (2009). Өнөр жай ишканалары: «Акниет» (Араван пахта з-ду), «Ремснаб», Араван нан з-ду. Үч орто мектеп, спорт мектеби, мад-т үйү, оорукана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда аравандыктардын каражатына жасалган танк эстеликке орнотулган. Кыштакка жакын тарыхый эстелик – Араван аска бетиндеги сурөттөру сакталган.