АРАБ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ЛИГАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:08, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАБ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ЛИГАСЫ, ж а м и а т а д-д у у а л ал ь-а р а б и я – араб мамлекеттеринин өз ара карым-катнашын чыңдоо, саясий аракеттерин координациялоо, көз каранды эместигин, суверенитетин жана жалпы эле араб өлкөлөрүнүн таламдарын коргоо максатында түзүлгөн уюм (22. 3. 1945, Каир). Анын мүчөлөрү: Египет, Ирак, Сирия, Ливан, Иордания, Сауд Аравиясы, Кувейт, Катар, Бахрейн, Оман, Бириккен Араб Эмираттары, Йемен, Ливия, Су­дан, Алжир, Тунис, Марокко, Мавритания, Со­мали, Жибути жана Палестина автономиясы. Уюмдун жогорку органы – Лиганын Кеңеши (ага уюмга мүчө мамлекеттердин мамлекет башчылары, премьер-министрлери же ыйгарымдуу өкүлдөрү кирет), аткаруу органы – Генералдык секретариат. Штаб-квартирасы – Каир шаарында жайгашкан. Расмий тили – араб тили.