АРАБ ТИЛИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:35, 30 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАБ ТИЛИ – бардык араб өлкөлөрүнүн расмий тили. БУУнун Генералдык ассамблеясынын расмий тилдеринин бири. Азия-Африка тилинин семит тобуна кирет. Араб тилинде сүйлөгөн эл­дердин бардыгы үчүн жалпы таандык болгон азыркы араб адабий тили Араб жазма адабиятында 7-к-да пайда болгон оозеки койнеден келип чыккан. Орто кылымда араб тили Чыгыштагы бардык мусулмандар үчүн диндин, илимдин ж-а адабияттын тили болгон. Араб тили египет, Судан, Сирия, ирак, магриб ж. б. диалектилерге бөлүнөт. Морфологиялык түзүлүшү б-ча флективдүү тилдерге кирет.
Ад.: Юшманов Н. В., Строй арабского языка. Л, 1938; Гранде Б. М., Курс арабской грамматики в срав­нительно-историческом освещении. М., 1963; Шарбатов Г. Ш., Современный арабский язык. М., 1961.