АРАБ ЖЫЛКЫСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:42, 15 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРАБ ЖЫЛКЫСЫ – б. з. 1 миңинчи жылдарында Араб өлкөлөрүндө элдик селекция жолу м-н чыгарылган миңгич жылкы. Анча чоң эмес, сымбаттуу. Ыйык жалынан бийикт. 150—152 см, дене уз. 149—150 см, көкүрөк курчамы 177 см,

Файл:АРАБ ЖЫЛКЫСЫ 28.png

шыйрагынын жоондугу 18—19 см. Өңү ак кула, боз. О. кылымда Европага кеңири тарап, жерг. жылкыны жакшыртуу үчүн пайдаланылган. А. ж. таза кандуу, ыкчам жүрүштүү миңги жылкыларды (англия таза кандуу жылкысы, орлов таскактуу, тракенен, терек) чыгарууга катышкан. Чөлдүү жерге чыдамкай келет. Алыска чуркайт. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө тараган. Кыргызстанда да бар. Жерг. жылкы породаларын жакшыртуу максатында пайдаланылат.