АРАБ ЖЫЛКЫСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– б. з. 1 миңинчи жылдарында Араб өлкөлөрүндө элдик селекция жолу

м-н чыгарылган миңгич жылкы. Анча чоң эмес, сымбаттуу. Ыйык жалынан бийикт. 150—152 см, дене уз. 149—150 см, көкүрөк курчамы 177 см,

Файл:АРАБ ЖЫЛКЫСЫ 28.png

шыйрагынын жоондугу 18—19 см. Өңү ак кула, боз. О. кылымда Европага кеңири тарап, жерг. жылкыны жакшыртуу үчүн пайдаланылган. А. ж. таза кандуу, ыкчам жүрүштүү миңги жылкыларды (англия таза кандуу жылкысы, орлов таскактуу, тракенен, терек) чыгарууга катышкан. Чөлдүү жерге чыдамкай келет. Алыска чуркайт. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө тараган. Кырг-нда да бар. Жерг. жылкы породаларын жакшыртуу максатында пайдаланылат.