АРАА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:44, 15 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
– жыгач, металл, таш, бетон ж. б. текзаттарды (материалдарды) тааруу, жара тилүү үчүн колдонулуучу кол же тестик (станоктук) көп кескичтүү шайман. Жыгач тааруучу кол А-нын узатасынан ж-а ийри тааруучу түрлөрү бар. Жыгач өнөр жайында бензин же электр м-н иштөөчү А-лар колдонулат. Металл түтүктөрүн, прокаттарды, тунуке тилкелерин ж. б. металл буюмдарын тааруу диск, сүрүлмө, мис., абразивдик ж-а типггүү тасма , ийилчек болот тасмалар м-н аткарылат. Ысык темирди кесүү үчүн
Файл:АРАА 21.png
Араанын түрлөрү: а – дискалуу араа; б — бычак сымал араа; в — тасмалуу араа.

өтө чоң айлануу жыштыктагы дискиси бар А. колдонулат. Курулуш ишинде тоотектеринен такта, блок, дубал таштарын жасоо үчүн кескич шайманы бышык эритме тиштүү диск, аркан, чынжырлуу А., пгакек фреза м-н жабдылган таш кескич тилет. Кескич шайманынын диаметри 3-6 мм болот аркандуу аркан А-сы м-н имарат жасалгалоочу таш иштетилет.