АРKАP ОТУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 3 Июль (Теке) 2022 карата 497-555>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

(Dracocephalum) – өсүмдүктөрдүн эрин гүлдүүлөр тукумунун уруусу, көп жылдык чөп. Тамыр-сабактуу, сабактары 10-30 см, төрт кырдуу, тик же жерге төшөлүп өсөт. Жалбырактары узун же кыска саптуу. Түн. Америкада, Азияда, Европада кеңири таралган. Кырг-нда 16 түрү өсөт. А. о. – балдуу өсүмдүк. Нектары

Файл:АРKАP ОТУ 3.png


тунук, түссүз, лимон жыттуу, канттуулугу 60%ке жетет. Айрым түрлөрү дары-дармек алуу ж-a кооздук үчүн өстүрүлөт.