АПСИЕВ Моңош

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:01, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya (Mariya moved page АПСИЕВ to АПСИЕВ Моңош) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПСИЕВ (Абзиев) Моңош (13. 8.1938, Нарын обл., Нарын р-ну, Кара-Булак айылы) – контрабасчы, КРдин эл артисти (1996). 1958-ж. М. Күрөңкөев атындагы

Файл:АПСИЕВ 20.png

музыкалык окуу жайын бүтүргөн. К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде иштеген. 1958-63-ж. Алматыдагы Курмангазы атындагы консерваторияда окутан. 1963-66-ж. кайрадан К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде солист, 1966-67-ж. А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера ж-а балет театрынын симфониялык оркестринин контрабас тобунун концертмейстери. 1967-жылдан Кыргыз улуттук теле­радиосунун симфониялык оркестринде эмгектенген. Кыргыз композиторлорунун ондогон аспаптык ж. б. чыгармаларын контрабас үчүн иштеп чыккан. Медалдар м-н сыйланган..