АПОСТРОФА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:22, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПОСТРОФА – поэзияда, лирикалык ырларда кеңири кездешкен стилдик ыкманын бир түрү. Көзү өткөндөргө тирүүлөй, жок нерсеге бардай кайрылуу апострофа деп аталат. Кыргыз поэзиясында М. Алыбаевдин «Владимир Маяковскийге акындык отчёт» деген поэмасы, Б. Сарногоевдин «Мидинге кат» аттуу ырлары апострофанын стилдик формасында жазылган.