АПОРТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:54, 22 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПОРТ – алманын кеч бышуучу эң байыркы сорту. Мөмөсү өтө чоң, салмагы 200-400 г, кээ бири 800 г, даамы кычкыл таттуу. Ал кышка чыдамдуу, ар бир дарактан 200-400 кг түшүм алынат. Мөмөсүнөн как жана повидло жасалат. Россия, Казакстан, Украинада өстүрүлөт. Кыргызстанда Ысык-Көл, Чүй өрөөндөрүндө Алекк­сандр, Кызыл А. кеңири таралган.