АПОРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
17:09, 13 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(гр. aporia – аргасыз абал) – байыркы грек философиясында кыйын же чечилбес маселени билдирген түшүнүк. А. нерседе же ал ж-дө түшүнүктө каршылык барын аныктоодон келип чыгат. 1-жолу А-га Платон филос. маани берген. Ал А-ны чечилиши кыйын маселелерди тактоодо колдонгон. А-нын так аныктамасы Аристотелге таандык. Ал карама-каршы ой корутундуларынын тепетеңдигин А. деп атаган. Зенон Элейский бул терминди колдонгон эмес. Бирок анын кыймылдын болушу мүмкүн эмес деген далилдемелерине ылайык, А. – чечилбеген кыйын маселе. Предметтерди таанууну танган грек скептиктери А-ны так ушул мааниде түшүнүшкөн. А. – байыркы грек филосо­фиясында диалек тенденциялардын пайда болушунун бир түрү.