АПЛИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:13, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПЛИТ (гр. haploos – жөнөкөй) – тарамдар түрүндө кезигүүчү, ачык түстүү магмалык тоотек. А. гранит менен тектеш, көбүнчө талая шпатынан (65%) ж-a кварцтан (30%) турат, слюда, күңүрт түстөгү минералдар курамында эң аз. Акцессор минералдарынан гранат, циркон, тур­малин, апатит, ортит кездешет. Структурасы өтө майда бүртүкчөлүү. А-тин айрым түрлөрү кера­мика өндүрүшүндө колдонулат.