АПЛИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:20, 29 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПЛИТ (гр. haploos – жөнөкөй) – тарамдар түрүндө кезигүүчү, ачык түстүү магмалык тоотек. А. гранит м-н тектеш, көбүнчө талая шпатынан (65%) ж-a кварцтан (30%) турат, слюда, күңүрт түстөгү минералдар курамында эң аз. Акцессор минералдарынан гранат, циркон, тур­малин, апатит, ортит кездешет. Структурасы өтө майда бүртүкчөлүү. А-тин айрым түрлөрү кера�­мика өндүрүшүндө колдонулат.