АПИС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:04, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПИС– байыркы Египеттеги «касиеттүү» бука. Птаха кудайынын жаны катары эсептелген. Кийин Осирис жанa Ра кудайлары менен байланыштырылган мифтер кездешет. Б. з. ч. 3-миң жылдыкта түшүмдүүлүктүн пири катары сыйынышкан. Ал көп малдын ичинен өзгөчө белгилери боюнча тандалып, өзүнчө багылган. Диний жөрөлгөлөрдү аткарууда пайдаланылып, өлгөндөн кийин аны ардактап көмүшкөн (Мемфистин жанындагы Серапеум катакомбасынан 64 му­мия табылган).