АОРСТОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:03, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АОРСТОР (гр. Aorsoi) – сармат урууларынын союзу (к. Сарматтар). Аорстор жөнүндө Страбон, Пто­лемей, Плиний жанa Тациттин эмгектеринде маалыматтар бар. Арстор алгач Арал же Каспий деңиздеринин түндүгүндө жашаган. Б. з. ч. 2-кылымда Каспий деңизи менен Дондун түндүк жээгиндеги талааларды ээлешип, андан Кавказга чейин барышкан. Аорстор жоокер, көчмөн эл болуп, негизи­нен малчылык менен кесиптенишкен жанa Закавказьенин, Боспор мамлекетинин жанa Орто Азия­нын элдери менен соода жүргүзгөн. Б. з. 2-кылымында аландар башкарган сармат уруулар союзунун курамына кирген. Оренбург талаалары менен төмөнкү Волга боюнда б. з. ч. 4–2-кылымдардагы көрүстөндөр Аорсторго таандык делип жүрөт.