АОРИСТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:00, 12 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АОРИСТ – индевропа тилдериндеги этиштин өткөн чакта колдонуучу формасы. Ал кыймыл-аракеттин жүрүп жатканын же аяктаганын билдирбейт, бирок аталган эки түрдүү маанисине каршы коюлуп колдонулат. Мисалы, кыргыз тилинде аналитикалык формасынан аорист көрүнүшүн байкоого болот. “Окуп жаткан – окуп чыккан” кыймылдын эки башка мүнөздөмөсүн билдирет. Ал эми “окуган”, “окуп жатканга” да, “окуп чыкканга” да каршы коюлуп колдонулат. Мына ушундай көрүнүш аорист деп түшүндүрүлөт.