АНУРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:28, 15 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНУРИЯ (гр. ап – терс бөлүкчө ж-а uron – сийдик) – бөйрөктүн өтө начарлашынан заара бөлүнүп чыкпай, табарсыктын бош калышы. Анын пайда болушуна бөйрөктүн ар түрдүү ооруга чалдыгуусу, бала бөйрөксүз төрөлүп же кокусунан жалгыз бөйрөгүн алып таштоо, кан көп кетүү, бөйрөк кан тамырына, толтого кан уюп калуу, шок, узакка ич өтүү же тынымсыз кусуу, бөйрөк чөйчөкчөсүнө, же бөйрөк түтүкчөсүнө таш туруп калуу, же заара жолдорунун шишиги себеп болот. Анда ооз кургап суусайт, кускусу келип, баш ооруйт, к. Уремия.