АНТЭКОЛОГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:50, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТЭКОЛОГИЯ (гр. anto – гүл жана ... экология) – биоэкологиянын бир бөлүгү; өсүмдүктөрдүн гүлдөө жана чандашуу процесстерин изилдейт. Терминди 1904-ж. Ч. Робертсон киргизген. Азыркы учурда антэкология гүлдөрдүн экологиясы, гүлдөөнүн экологиясы жана ч а ң д а ш у у н у н экологиясы аттуу үч багыттан турат. Биринчи багыт экологиялык кырдаалды эсепке алуу менен гүлдөрдүн чаңдашууга ыңгайланышын, экинчи багыт жаратылыш факторлорунун (жарык, температуpa, нымдуулук ж. б.) гүлдүн өсүү функциясына таасир этүүсүн жана үчүнчү багыт экологиялык факторлордун – гүлдөрдүн чаңдашуу процессине кыйыр таасир этүү менен бирге алардын өз ара көз карандылыгын изилдейт.