АНТУАН Андре

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:22, 23 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya (Mariya moved page АНТУАН to АНТУАН Андре) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТУАН Андре (31.1.1858, Лимож – 9.10.1943, Полиген) – француз режиссёру, актёр, театр теоретиги. Өспүрүм кезинен театр өнөрүнө кызыккан. Спектаклдерге катышууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн «Комеди Франсез» театрында эмгектенген. Парижде театр ышкыбоздорунун Гальси кружогунун башчысы болгон. Э. Золянын тегерегиндеги жазуучулар (А. Доде, А. Бек, Э. Гонкур ж. б.) м-н таанышкан. Парижде Эркин театрды уюштурган (1887), 1897-жылдан «Антуан» театрын жетекте-

г�ген. 1906-14-ж. «Одеон» театрынын директору. Биринчи жолу Франция да Л. Толстойдун «Караңгылыктын бийлиги» (1888), Ибсендин «Арбактар» (1890) ж-а «Жапайы өрдөк» (1891), Гауптмандын «Токуучу» (1893) ж. б. спектаклдерди койгон. Өзү да ролдордо ойногон. Ал кинодо да иштеген. «Корсикалык бир туугандар» (Дюмаата, 1917), «Деңиз эмгекчилери» (Гюго, 1917), «Арлезиан аялы» (Доде, 1922) фильмдерин койгон. 1897-жылдан Эркин театрдын артисттери

Файл:'АНТУАН 2.png'

м-н Европа өлкөлөрүндө, а. и. Россияда гастролдо болгон.