АНТРОПОХОРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:02, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТРОПОХОРИЯ (антропо... жана гр. choreo - таралуу) – өсүмдүк диаспораларынын адамдын иш аракети аркылуу таралуусу. Антропохория жолу менен таралуучулар антропохорлор деп аталып, аларга көбүнчө отоо чөптөр ж. б. өсүмдүктөр кирет. Алар сугат суулары, кык жана үй жаныбарлары аркылуу; транспорт каражаттары (агестехория) жана айыл чарба техникалары менен жер­ди иштетүүдө (э р г а з и о х о р и я), ошондой эле себүү учурунда үрөн менен (спейрохория) таралат. Бул эң байыркы маданий өсүмдүктөрдүн (буудай, күрүч, зыгыр) табигый тандалышына алып келген. Антропохорияга, ошодой эле адам аркылуу таралган бардык өсүмдүктөр, аларга эгилме өсүмдүктөр да кирет.