АНТРОПОХОРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:04, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТРОПОХОРИЯ (антропо... жана гр. choreo - таралуу) – өсүмдүк диаспораларынын адамдын иш аракети аркылуу таралуусу. А. жолу менен таралуучулар антропохорлор деп аталып, аларга көбүнчө отоо чөптөр ж. б. өсүмдүктөр кирет. Алар сугат суулары, кык жана үй жаныбарлары аркылуу; транспорт каражаттары (агестехория) жана айыл чарба техникалары менен жер­ди иштетүүдө (э р г а з и о х о р и я), ошондой эле себүү учурунда үрөн менен (спейрохория) таралат. Бул эң байыркы маданий өсүмдүктөрдүн (буудай, күрүч, зыгыр) табигый тандалышына алып келген. А-га, ошодой эле адам аркылуу таралган бардык өсүмдүктөр, аларга эгилме өсүмдүктөр да кирет.