АНТРЕПРЕНЁР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:49, 28 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТРЕПРЕНЁР (фр. entrepreneur – ишкер) - жеке менчик оюн-зоок мекемесинин (театр, цирк ж. б.) ээси. А. профессионал өнөрчүлөр топтору жаралганда кошо пайда болгон (16-к.). Коммерциялык пайдага кызыккан А-дон башка театр м-н чыг-лык байланышы бар А. да болгон. Андай А-дун милдетин көбүнчө башкы актёр, драматург же режиссёр аткарган. Азыр көп өлкөлөрдө мамл. театр м-н катар антреприза деп аталган менчик театрлар да пайда болууда.