АНТРАХИНОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТРАХИНОН, С14Н802 – орг.аникалык бирикме. Ачык сары түстүү кристалл, балкып эрүү t 286°С; кайноо t 379-381°С; ысык толуолдо, анилинде ж-a нитробензолдо жакшы, спиртте начар эрийт. А. антраценди окистендирүүдөн же фталь ангидриди менен бензолдон синтезделет. А-го 130°Сде хлорду таасир эткенде 1,4,8-тетрахлорантрахинон, 60°Сде бромдоодо тетрабром бирикмеси пайда болот. А-ду сульфирлөөдө антрахинонсульфокислоталар алынат. А. боёк алуудагы негизги зат. А-ду сульфирлөө реакциясы өнөр жайда боёк заттарды синтездөө үчүн колдонулат.