АНТОНИНДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:07, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТОНИНДЕР Рим императорлорунун династиясы (96–192); Антонин Пийдин ысымынан аталган. А-дин белгилүүлөрү: Нерва (96–98), Траян (98–117); Адриан (117–138), Антонин Пий (13–161), Марк Аврелий (161–180) жана Коммод (180–192). А-дин тушунда монархиялык бийлик биротоло чындалып, бюрократиялык аппарат түзүлгөн. А-дин башкарган убагы Рим империясынын гүлдөө учуру болгон. Бирок Адриандын тушунда кризистин белгилери пайда болуп, Марк Аврелий башкарган мезгилден тартып империянын кубаты начарлай баштаган.