АНТОНИМДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:36, 23 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТОНИМДЕР – карама-каршылыкты туюндуруучу номинациялык маани. Абсолюттук (өлүм – өмүр) ж-а салыштырмалуу карама-каршы (өйдө-төмөн, улуу-кичүү, ачуу- таттуу) маанидеги сөздөрдөн турат. Антонимдер семантикалык негизге караганда, реалдуу жашоо-турмуштагы карама-каршылыктардын өзүнөн келип чыгат. Мис., чоңдун чоңу, кичиненин кичинеси салыштырмалуу болот, ошондуктан, Антонимдер тилдик атоо катары каршы мааниде колдонулат.