АНТИСЕМИТИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТИСЕМИТИЗМ еврейлерге карата этникалык жана диний жактан жерүү саясаты; аларды чектеп, куугунтуктап, массалык түрдө кырууга багытталган шовинизмдин өтө ашынган формасы. Антисемитизм термини 19-кылымдын 70–80-жылдарында пайда болгон. Узак мезгил бою антисемитизм улут аралык чатактарды туудурган каражат катары саясий күчтөр тарабынан пайдаланылган антисемитизмдин ашынган түрү германдык фашизмдин негизги идеясына айланган. Натыйжада Германиядагы жана немецтик-фашисттик аскерлер каратып алган аймактарда 1938–45-жылдарда 4-6 млнго чейин еврей калкы жок кылынган.